> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропортунун акциялары бир жумада 20 сомго кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2021/09/09/manas-aeroportunun-akciyalary-bir-zhumada-20-somgo-kymbattady/
- Published: 2021-09-09T14:04:14.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз фондулук биржасынын индекси рекорддук көрсөткүчкө – 1000.68 пунктка жетти. Негизги индекстерди эсептөөгө киргизилген баалуу кагаздардын арасынан лидер эл аралык «Манас» аэропортунун акциялары болду. Бул тууралуу КФБдан билдиришти.**

Акциянын баасы өткөн аптада 330 сомдон 350 сомго чейин жогорулады. КФБнын адистери муну ийгиликтүү туристтик сезон менен байланыштырышууда. Белгилүү болгондой, быйыл Кыргызстанда туристтик сезонду узартуу максатында окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынган. Бул көптөгөн кыргыз жарандарына чет өлкөдө эс алууга мүмкүнчүлүк берди, натыйжада, бул **аба каттамдарынын санын көбөйттү**.

Бул фактор ошондой эле «Манас» аэропортунун кирешелүүлүгүнө жана кагаздардын наркына оң таасирин тийгизди.

> Өз кезегинде «Манастын» акцияларынын наркынын өсүшү – сооданын башка катышуучуларынын маанайына оң таасирин тийгизди жана жалпысынан өлкөнүн фондулук рыногунда соода ишмердүүлүгүн активдештирүүгө өбөлгө түздү дешет адистер.