> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Монополияга каршы агенттик КММны сатууда нефтетрейдерлерден таза атаандаштык принцибин так сактоону талап кылды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/09/monopoliyaga-karshy-agenttik-kmmny-satuuda-neftetrejderlerden-taza-ataandashtyk-princibin-tak-saktoonu-talap-kyldy/
- Published: 2021-09-09T16:28:08.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:45:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы агенттик күйүүчү майды сатууда нефтетрейдерлерден таза атаандаштык принцибин так сактоону талап кылды. Бул тууралуу бүгүн агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.** 

Бүгүн, 9-сентябрда Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде ЭФМнын, «Газпром нефть Азия» ЖЧК, «РН-Кыргызнефтепродукт» (Роснефть) ЖАК, «Альфа Ойл» ЖЧК (Red Petroleum), «Шнос» (Bishkek Petroleum) ЖЧК, «Партнер нефть» ЖЧКнын катышуусунда КММнын баасынын өсүшүнө байланыштуу бул тармактагы абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Кеңешмеде Монополияга каршы агенттик:

- таза атаандаштык принцибин так сактоого
- баалардын деңгээлин камтыган куралды колдонуп, күзгү талаа жумуштарынын башталышын эске алуу менен баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө, ошондой эле чыгымдарды оптималдаштырууну талап кылды.

Эскерте кетсек, мунай затынын баасы январь-сентябрь айларында 50-70%га чейин [көтөрүлгөн.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/09/krda-k-j-ch-majdyn-baasy-k-n-sanap-s-d-kim-emne-dejt/)