> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Парламенттик шайлоого 602 млн сом сарпталат, бирок бул так эмес
- URL: https://im.kg/all/2021/09/09/parlamenttik-shajloogo-602-mln-som-sarptalat-birok-bul-tak-emes/
- Published: 2021-09-09T10:12:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 8-сентябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында парламенттик шайлоого канча каражат кетээрин айтты.** 

> Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр жана божомолдор боюнча, парламенттик шайлоого **602 млн сом** талап кылынат. Сумма шайлоо күнүнө жакын өзгөрүшү мүмкүн. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. 75 партия катышуу каалоосун билдиришти.