> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркмөнстан 2 млрд кВт/с электр энергиясынын көлөмүн гана арзандатылган баада берет – калганы коммерциялык баа менен келет
- URL: https://im.kg/all/2021/09/09/t-rkm-nstan-2-mlrd-kvt-s-elektr-energiyasynyn-k-l-m-n-gana-arzandatylgan-baada-beret-kalgany-kommerciyalyk-baa-menen-kelet/
- Published: 2021-09-09T12:24:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:49:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түркмөнстан 2 млрд кВт/с электр энергиясынын көлөмүн гана арзандатылган баада берет – калганы коммерциялык баа менен келет. Бул тууралуу кечээ, 8-сентябрда ЖКнын жыйынында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев айтты.** 

Жыйында Дастан Бекешев министрдин орун басарынан эмне үчүн Түркмөнстандан алына турган электр энергиясынын баасы сыр болуп, айтылбай жаткандыгын сурады. 

> «Бул жеңилдетилген баа, биз Союздун убагындагыдай ташыйбыз, баасы ЖЭБде өндүрүлгөндөн дээрлик 2 эсе арзан. Буга чейин президенттер 2 млрд кВт/саат электр энергиясын берүүгө макулдашышкан. Бул тариф ушул көлөм үчүн гана жарактуу. Андан кийин коммерциялык баа болот», – деди министрдин орун басары.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт.саат электр энергиясын берет. Ал келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт.саат электр энергиясын экспорттогон.