> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/10/b-g-n-bishkekte-kyrgyz-t-rk-biznes-forumu-t-t/
- Published: 2021-09-10T10:22:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.** **Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Аталган форум **Sheraton Bishkek отелинде өтөт**. Аны Түркиянын Инвестициялар министрлиги жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурууда.

> Ага экономиканын түрдүү тармактарынан **50гө жакын түрк фирмалары** катышат. 

Бизнес форумдун алкагында ата мекендик компаниялар түркиялык потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкердик кызматташтыкты түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай келди. «Манас» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.

> Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.