> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми автоунаалар каттоонун алдында сүрөткө тартылууга тийиш
- URL: https://im.kg/all/2021/09/10/emi-avtounaalar-kattoonun-aldynda-s-r-tk-tartyluuga-tijish/
- Published: 2021-09-10T11:15:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси үстүбүздөгү жылдын август айынан тартып, транспорт каражатын каттоо алдында кароо жүргүзүүдө унааларды планшетке сүрөткө тарта баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.**

Демилге коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга жана тигил же бул унаа текшерүүгө келгени жана иш жүзүндө текшерүүдөн өткөнүн так аныктоого багытталат.

> «Биз жарандарды фото фиксациялоо процедурасына байланыштуу кошумча ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз. Учурда биз **транспрот каражатынын электрондук паспорттун киргизүү үчүн заманбап маалымат базасын түзүп жатабыз,** ошондой эле унааны каттоо системасындагы коррупцияны жана алдамчылык схемаларды жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүүдөбүз» – дейт «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев.

Сүрөткө тартуу учурунда, сүрөт тартылган жердин координаттары менен бирге электрондук маалымат базасына киргизилет. Жаңы стандарттарга ылайык, системага фотосүрөттөрдөн жана текшерүү протоколунан тышкары, кузов (шасси / рама) номерлери, машинанын жайгашкан жеринин координаттары (гео маалыматтары) жана текшерүүнүн датасы киргизилет.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/unaa-surot1-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/unaa-surot1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/unaa-surot2-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/unaa-surot2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/unaa-surot3-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/unaa-surot3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/unaa-surot4-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/unaa-surot4.jpg)