> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Эти Бакыр Терексай» ишканасы жергиликтүү элдин нааразычылыгынан чочулап, аларга тур уюштурду
- URL: https://im.kg/all/2021/09/10/eti-bakyr-tereksaj-ishkanasy-zhergilikt-eldin-naarazychylygynan-chochulap-15-ardagerge-tur-ujushturdu/
- Published: 2021-09-10T16:17:43.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:11:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 2021-жылдын 10-сентябрьда «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын коомчулук менен иштөө бөлүмү Терек-Сай айылынын тургундары үчүн тааныштыруу турун уюштурду. Турга негизинен совет маалында тоо кен казуу тармагында эмгектен 15ке жакын ардагерлер катышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, кечээ, 9-сентябрда Терек-Сай айылынын тургундары «Эти Бакыр Терексай» алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, [митингге чыгышкан](http://localhost/info-portal/novosti/2021/09/09/zhiteli-sela-terek-saj-vyshli-na-miting-protiv-zolotodobyvajushhej-kompanii/) болчу. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ишкананын ишмердүүлүгү абаны булгап, балдардын оорусуна себеп болууда. Эң чоң көйгөй чаң болууда деп билдиришкен эле алар.

> «Эки күн мурун форс-мажордук окуя орун алды. Тереккан участогунда таш кулап, чаң чыгып кетти. Биз шыр эле экскаватордун ишин токтоттук. Чаң айылга жетпей карьерге отуруп калды. Чаңды азайтуу боюнча көп аракеттер көрүлүүдө. Жолдорго дайыма суу чачуудан тышкары, суу чачуучу аппараттарын сатып алганбыз. Бирок Кытайдагы чек аралардын жабылышына байланыштуу товарлар кечигип атат», – деди ишкананын инженер-экологу Увасип Аманбаев.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана, **25% үлүшү Кыргызстандык «Кыргызалтынга»**, **75%ы Түркиялык «Эти Бакыр» ачык коомуна таандык**. Мында долбоорду каржылоо милдетин толугу менен түрк тарап мойнуна алган. Жаңы алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу менен өндүрүштүк комплекти куруу 200 млн долларды талап кылат.