> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Марипов: Түркия менен товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү керек
- URL: https://im.kg/all/2021/09/10/maripov-t-rkiya-menen-tovar-zh-g-rt-n-1-mlrd-dollarga-zhetkir-kerek/
- Published: 2021-09-10T14:21:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улукбек Марипов өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту.** 

> Жолугушуу учурунда: «Менин пикиримде, биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн күч-аракетти жумшоо зарыл. Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз», – деди Марипов.

Улукбек Марипов ошондой эле социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Ал Түркия Республикасынын Өкмөтүнө коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жоюуда көрсөтүлүп жаткан көмөгү жана жакын арада [берилген 150 миң доза вакцинасы](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/08/t-rkiya-krga-150-mi-doza-sinovac-vakcinasyn-beret/) үчүн ыраазычылык билдирди. 

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин ар кыл багыттарда ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи.