«Оптима Банк» жана «Астана» эл аралык финансы борбору (МФЦА) кызматташуу меморандумуна кол коюшту
«Оптима Банк» жана «Астана» эл аралык финансы борбору (МФЦА) кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.
«Астана» финансылык борбору – инвестиция тартууга багытталган Орто Азия, Бажы биримдигинин өлкөлөрү, Батыш Кытай, Монголия жана Европа өлкөлөрү үчүн финансылык хаб болуп саналат.
Борбор ишмердүүлүгүнүн алкагында өткөн жылы Казакстанга 4.7 млрд АКШ доллар суммасында инвестиция тартууга жетишкен.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бул кызматташуунун келечеги жана «Оптима Банк» үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Ошондой эле Green Finance Center Ltd башкы директору Айдар Казыбаев Жашыл финансы борборунун ишмердүүлүгүнүн алкагында «Оптима Банк» ААКсы үчүн «Жашыл Банк» статусун алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтты.