> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгы» «Артезиан» ЖЧКсына ыйгарылды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/10/t-rk-ke-eshinin-biznes-syjlygy-artezian-zhchksyna-yjgaryldy/
- Published: 2021-09-10T14:39:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгын» ыйгаруу аземи бүгүн, 10-сентябрда, Баку шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) экономика иштери боюнча министрлеринин 10-жолугушуусунун алкагында болот. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.**

Белгилей кетсек, жалпысынан кадыр-барктуу сыйлыкка КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүнө кирген 40тан ашуун компаниялар ат салышкан. Алардын ичинен кыска тизмеге үчөө тандалып, Түрк кеңешине жөнөтүлгөн (Стамбул, Түркия).

Натыйжада, талапкерлердин ишмердүүлүгү изилденген соң, жеңиш улуттук суусундуктардын жана табигый ашкана суусунун өндүрүүчүсү, «‎АЮ Холдинг» тобуна кирген «Артезиан» ЖЧКсына ыйгарылды.