«Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгы» «Артезиан» ЖЧКсына ыйгарылды

«Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгын» ыйгаруу аземи бүгүн, 10-сентябрда, Баку шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) экономика иштери боюнча министрлеринин 10-жолугушуусунун алкагында болот. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, жалпысынан кадыр-барктуу сыйлыкка КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүнө кирген 40тан ашуун компаниялар ат салышкан. Алардын ичинен кыска тизмеге үчөө тандалып, Түрк кеңешине жөнөтүлгөн (Стамбул, Түркия).

Натыйжада, талапкерлердин ишмердүүлүгү изилденген соң, жеңиш улуттук суусундуктардын жана табигый ашкана суусунун өндүрүүчүсү, «‎АЮ Холдинг» тобуна кирген «Артезиан» ЖЧКсына ыйгарылды.