> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ага Хан Фонду KICBнин акцияларын башка эл аралык каржы институттарынан сатып алды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/13/aga-han-fondu-kicbnin-akciyalaryn-bashka-el-aralyk-karzhy-instituttarynan-satyp-aldy/
- Published: 2021-09-13T14:32:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ага Хан Экономикалык Өнүктүрүү Фонду «Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы» (KICB) ЖАКындагы үлүшүн көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

##### **Фонд ээ болгон үлүштөр төмөндөгүдөй:**

- Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) 4% акциялары
- Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча немис корпорациясына таандык 4% акция
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 3.999% акциялары

##### **Ал эми банктын акциялары төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:**

- Ага Хан Экономикалык Өнүктүрүү Фонду – **60% (105 миң даана)**
- Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча немис корпорациясы – 4% (7 миң даана)
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы – 4% (7 миң даана)
- Эл аралык каржы корпорациясы – 4% (7 миң даана)
- Хабиб Банк Лимитед – 18% (31.5 миң даана)
- Мамлекеттик мүлк фонду – 10% (17.5 миң даана)