Ага Хан Фонду KICBнин акцияларын башка эл аралык каржы институттарынан сатып алды

Ага Хан Экономикалык Өнүктүрүү Фонду «Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы» (KICB) ЖАКындагы үлүшүн көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.

Фонд ээ болгон үлүштөр төмөндөгүдөй:
  • Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) 4% акциялары
  • Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча немис корпорациясына таандык 4% акция
  • Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 3.999% акциялары
Ал эми банктын акциялары төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:
  • Ага Хан Экономикалык Өнүктүрүү Фонду – 60% (105 миң даана)
  • Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча немис корпорациясы – 4% (7 миң даана)
  • Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы – 4% (7 миң даана)
  • Эл аралык каржы корпорациясы – 4% (7 миң даана)
  • Хабиб Банк Лимитед – 18% (31.5 миң даана)
  • Мамлекеттик мүлк фонду – 10% (17.5 миң даана)