> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эртең Жалал-Абадда Кыргызстан-Өзбекстан регионалдык конференциясы башталат
- URL: https://im.kg/all/2021/09/13/erte-zhalal-abadda-kyrgyzstan-zbekstan-regionaldyk-konferenciyasy-bashtalat/
- Published: 2021-09-13T10:59:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**14-15-сентябрда Жалал-Абадда «Мамлекеттик – жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0\. (Кыргызстан-Өзбекстан)» регионалдык конференциясы өтөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын** **маалымат кызматы билдирди.**

Иш-чара эртең Жалал-Абад шаарында башталып, бир аянтчага эки мамлекеттен эксперттерди, бийлик өкүлдөрүн, ишкерлерди, бизнес-ассоциацияларды чогултат.

> Катышуучуларга экономиканын белгилүү багыттары боюнча инвестициялоо мүмкүнчүлүгү, эксперттерден кеп-кеңештер жана насаатчылык, ошондой эле, BOOST долбоорунун өнөктөштөрү сунуштаган **Европа рынокторуна чыгуу жолдору** боюнча толук маалымат берилет.

Конференциянын алкагында үч пленардык отурум уюштурулуп, спикер катары Люк Ван Ловерен, Юрген Малер, Анна Солтысик-Павлик жана Кристиан Гессл сөз сүйлөшөт деп билдирди палатадан.

Мындан тышкары, 2 темада тегерек стол өтөт:

- «Нанай-Кербен» өткөрүү түйүнүн ачуу жана «Нанай-Кербен» эркин соода чектеш аймагын түзүү
- Коңшу мамлекеттер менен соода кылуу, чек аралык легалдуу бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана контрабанданы кыскартуу

Кошумча иретинде 3 практикалык семинар жана конференция катышуучуларынын продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулат.