Эртең Жалал-Абадда Кыргызстан-Өзбекстан регионалдык конференциясы башталат

14-15-сентябрда Жалал-Абадда «Мамлекеттик – жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0. (Кыргызстан-Өзбекстан)» регионалдык конференциясы өтөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара эртең Жалал-Абад шаарында башталып, бир аянтчага эки мамлекеттен эксперттерди, бийлик өкүлдөрүн, ишкерлерди, бизнес-ассоциацияларды чогултат.

Катышуучуларга экономиканын белгилүү багыттары боюнча инвестициялоо мүмкүнчүлүгү, эксперттерден кеп-кеңештер жана насаатчылык, ошондой эле, BOOST долбоорунун өнөктөштөрү сунуштаган Европа рынокторуна чыгуу жолдору боюнча толук маалымат берилет.

Конференциянын алкагында үч пленардык отурум уюштурулуп, спикер катары Люк Ван Ловерен, Юрген Малер, Анна Солтысик-Павлик жана Кристиан Гессл сөз сүйлөшөт деп билдирди палатадан.

Мындан тышкары, 2 темада тегерек стол өтөт:

  • «Нанай-Кербен» өткөрүү түйүнүн ачуу жана «Нанай-Кербен» эркин соода чектеш аймагын түзүү
  • Коңшу мамлекеттер менен соода кылуу, чек аралык легалдуу бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана контрабанданы кыскартуу

Кошумча иретинде 3 практикалык семинар жана конференция катышуучуларынын продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулат.