KOICA Кыргызстандагы киберкоопсуздукту камсыздоого 5 млн доллар берет
КРнын УКМК Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен КРда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кореянын КРгы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору мырза Ли Жонгсу катышты.
Бул КРда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү долбоору, өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган. KOICA долбоорунун алкагында, SOC борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда.
Долбоордун узактыгы 5 жыл (2021-2025) болот. Бул долбоорду ишке ашыруу каражаты 5 млн долларды түзөт.