> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда экспорт 16%га азайды, импорт 40%га көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2021/09/13/krda-eksport-16-ga-azajdy-import-40-ga-k-b-jd/
- Published: 2021-09-13T15:26:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда экспорттук жѳнѳтүүлөр 16.5%га азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 40.3%га жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.** 

КРдагы товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-июлунда **3.8 млрд долларды** түздү жана 2020-жылдын январь-июлуна, тагыраак айтканда, пандемиянын курч учурлары болгон мезгилге салыштырмалуу 19.6%га көбөйдү.

#### 2020

Эскерте кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын КРгы баш кеңсесинин өкүлү Навид Наквинин айтканына таянсак, 2020-жылы КРгы жакырчылыктын деңгээли **20.1%дан 31%га чейин өскөн**, жыйынтыгында, жакырчылыкка дагы **700 миң адамдар кириптер** болгон. 

> «Бул калкы 6.6 млн болгон өлкө үчүн өтө эле чоң көрсөткүч. Болжолдуу анализ көрсөткөндөй, аталган кризистин масштабы 30 жыл илгери СССР кыйрагандагы социалдык-экономикалык катаклизм менен барабар болуп жатат», – [деген эле ал](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/05/27/navid-nakvi-2020-zhyly-dagy-700-mi-kyrgyzstandyk-zhakyrchylykka-kiripter-boldu/).

#### 2021

Ал эми эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына келишине дагы убакыт бар экенин билдирген болчу. 

> «Өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки абалына 2023-жылга чейин келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүк калыбына келгенде 3.8%ды, ал эми 2022-2023-жылдары орточо эсеп менен 4.4%ды түзөт», – [деген ал.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/20/lk-n-n-ekonomikasy-pandemiyaga-chejinki-abalyna-2023-zhyly-kelet-dep-bozhomoldop-zhatabyz-prezident/)

2021-жылдын январь-июль айларында КРга жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31.1%га жогорулап, 1.1 млрд АКШ долларынын тегерегин [түзгөн](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/03/akyrky-6-ajda-krga-tyshtan-kotorulgan-akcha-1-1-mlrd-dollardy-t-zd-ub/). Бирок, буга карабастан 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча **ИДПнын** көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу **1.6%га төмөндөгөн.**

Корутундулап айта турган болсок, өлкөнүн экономикасына дүйнөдөгү пандемия, кургакчылык, саясий туруксуздук, энергетикадагы кризис, күйүүчү майдын кымбатташы, экспорттун кыскарышы ж.б.у.с факторлор өз таасирин тийгизип жатат.