> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барат
- URL: https://im.kg/all/2021/09/13/sadyr-zhaparov-ish-sapary-menen-tazhikstanga-barat/
- Published: 2021-09-13T16:57:18.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров 16-сентябрь күнү Душанбе (Тажикстан) шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ**) **сессиясына катышат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги [кабарлайт.](https://mfa.tj/ru/main)** 

ЖККУ сессиясына:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россия президенти Владимир Путин, ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышат. 

Ал эми 17-сентябрь күнү ушул эле Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт. Иш-чарада ШКУга жаңы жетекчи тандоо маселеси каралат. Мындан тышкары, уюмдун 20 жылдыгына карата Душанбе декларациясы кабыл алынат.