Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барат

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрь күнү Душанбе (Тажикстан) шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ) сессиясына катышат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

ЖККУ сессиясына:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россия президенти Владимир Путин, ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышат.

Ал эми 17-сентябрь күнү ушул эле Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт. Иш-чарада ШКУга жаңы жетекчи тандоо маселеси каралат. Мындан тышкары, уюмдун 20 жылдыгына карата Душанбе декларациясы кабыл алынат.