> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тамак-аш азыктары дээрлик 8%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2021/09/13/tamak-ash-azyktary-deerlik-8-ga-kymbattady/
- Published: 2021-09-13T12:30:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) жалпы республика боюнча баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 7.6%га кымбаттады. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.**

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча:

- керектөө баалары – 6.2%
- тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктар – 7.6%
- алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 9.3%
- азык-түлүк эмес товарлар – 5.3%
- калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 2.3%га кымбаттады.

Ушул мезгилдин ичинде эң чоң баалардын өскөнү төмөндөгү азыктарга байкалды:

- гречка – 32.4%
- лимон – 30.7%
- тамак-аш өсүмдүк майы – 20.8%
- чочко эти – 20.4%
- койд эти – 19.7%
- кумшекер – 19.5%
- балык – 10.8%
- уйдун эти – 10.0%
- кондитердик азыктар – 7.0%га жогорулаган.