> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын алууга жарыяланган тендер жокко чыгарылды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/13/transport-karazhattaryn-kattoo-k-b-l-kt-r-n-n-blanktaryn-aluuga-zharyyalangan-tender-zhokko-chygaryldy/
- Published: 2021-09-13T10:30:05.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:32:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого жарыяланган тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.** 

Тендер ушул жылдын 21-июлунда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар же 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар тендерге катыша алмак.

> Түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы **518.5 млн сом** сунуштаган «Гознак» ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда, бланктардын наркы дээрлик 2 эсеге жогоруламак. 

Ушул жылдын 26-августунда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштап, эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарынын баасын жогорулатууга жол бербөө сунушталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн, 13-сентябрда чыгарылып, коомчулукка жарыяланат.