> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 263 миң сомдук контрафакттык товарлардын бети ачылды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/14/263-mi-somduk-kontrafakttyk-tovarlardyn-beti-achyldy/
- Published: 2021-09-14T10:15:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы «Берекет» соода борборунда (Ош базары) жана Бишкек шаарынын бир катар дүкөндөрдүндө өткөн рейддин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 263 миң 959 сомдук контрафакттык тамеки жана ликер-арак ичимдиктерин тартып алышты. Бул тууралуу МСК билдирди.**

Анын ичинде **122 425 сом** суммасында 1 миң 339 куту тамеки (анын 68 965 сому 151 электрондук тамеки) жана **141 534 сом** суммасында 676 бөтөлкө ликер арак ичимдиктери алынган.

Анын ичинен 1 188 тамеки буюмдары – акциздик маркасы жок, 151 даана электрондук тамеки – акциз салыгы төлөнгөн эмес, 363 бөтөлкө алкоголдук ичимдик – жасалма акциздик маркалар менен, 40 бөтөлкө ликер арак – лицензиясыз болгон.

Рейддик салык контролунун бардык материалдары жана убактылуу алынган тамеки жана ликер-арак ичимдиктери КРнын мыйзамдарына ылайык, чара көрүү үчүн тийиштүү аймактык салык органдарына берилди.