Бишкек ЖЭБинин ишмердүүлүгүнө 60 жыл болду

Бишкек ЖЭБинин ишмердүүлүгүнө 60 жыл болду. 60 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, ЖЭБдин кызматкерлери жана энергетика тармагынын ардагерлери катышты.

Доскул Бекмурзаев Бишкек жылуулук электр борбору энергетика тармагындагы муундардын өз ара байланышын, тажрыйба алмашуусун бекемдеген станция экенин билдирди.

«60 жылдын аралыгында жылуулук электр борборунда иштеген адистердин 3 мууну алмашты. Бүгүнкү күндө кезинде ЖЭБди куруп, аны өнүктүрүүгө салым кошкон энергетиктердин неберелери иштеп жатат. Бул атадан балага өткөн улуу кесип экенинен кабар берет. 60 жылдын ичинде жылуулук электр борборунун иштөө технологиясы өзгөрүп, жабдуулар алмаштырылды. Бирок чейрек кылымдан ашык убыкыттан бери калкты жылуулук жана жарык менен ишенимдүү камсыз кылуу милдетин мурдагыдай калыпта аткарып келүүдө», – деди Энергетика жана өнөр жай министри.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБи – Кыргызстандын эң ири жылуулук электр станциясы. Анын курулуш иши 1958-жылы башталып, 1961-жылы кубаттуулугу 25 МВт болгон биринчи турбоагрегаты ишке берилген. Учурда ЖЭБдин кубаттуулугу 800 МВт түзөт. Жылына 1-1.5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы 132 миң абонетти жылуулук менен камсыз кылат.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБи көмүр, газ жана мазут менен иштейт. Жылына бир миллион тоннадан ашык көмүр колдонулат. Анын 600 миңи Кыргызстандыкы болсо, калганы Казакстандыкы колдонулат.