> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Яндекс Такси» өзү эмес, анын жергиликтүү өнөктөш компаниялары жыл башынан бери 3.7 млн сом салык төлөштү
- URL: https://im.kg/all/2021/09/14/yandeks-taksi-z-emes-anyn-zhergilikt-n-kt-sh-kompaniyalary-zhyl-bashynan-beri-3-7-mln-som-salyk-t-l-sht/
- Published: 2021-09-14T15:22:29.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:11:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сегиз ай ичинде «Яндекс Таксинин» жергиликтүү өнөктөш компаниялары 3.7 млн сом резидент эместердин киреше** **салыгын төлөштү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.**

МСКнын маалыматына таянсак, 2018-жылы такси кызматынан резидент эместердин кирешелери боюнча салыктык төгүмдөр – **677.5 миң сомду**, 2019-жылы – **687.8 миң сомду**, 2020-жылы – **454.6 миң сомду** түзгөн.

«Яндекс таксинин» жергиликтүү өнөктөш компаниялары КРнын аймагында «Яндекс Такси» **тиркемесин пайдалангандыгы үчүн** тийиштүү салыктарды (резидент эместердин киреше салыгын) төлөөгө милдеттүү.

Ал эми «Яндекс Такси» өзү мамлекетке эч кандай[ салык төлөбөй](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/07/yandeks-taksi-mamleketke-ech-kandaj-salyk-t-l-b-j-ishtejt-km-t-mojnuna-aldy/) иш алпарат. Анын себеби, мындай ишмердүүлүккө мыйзамдагы талаптардын жоктугу менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, депутат Акылбек Кемелов 7-сентябрда ЖКнын Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин орун басарынан «Яндекс.Такси» кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу сураганда, ал **«Яндекс.Такси» мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иштегендигин тастыктаган.**

> «Бул нонсенс. Алар салык төлөш керек. Алар жаңы технологиялары менен рынокко кирип, канчалаган ата мекендик компанияларды кысып салды. Буга эртерээк чара көрүш керек болчу», – деген болчу депутат Кемелов.

Ошондой эле, «Яндекс Такси» тиркемесин колдонуу менен же ансыз жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар бир таксинин айдоочусу **патенттин жана камсыздандыруу полисинин** негизинде иштеши керек.