> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жылдын биринчи жарымында КРга 321 млн долларлык инвестиция келген
- URL: https://im.kg/all/2021/09/14/zhyldyn-birinchi-zharymynda-krga-321-mln-dollarlyk-investiciya-kelgen/
- Published: 2021-09-14T16:26:15.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жылдын биринчи жарымында КРга 321 млн долларлык тикелей инвестиция келген, көрсөткүчтөр эки эсеге, тагыраак айтканда, 95.4%га көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда пресс-конференцияда Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.**

Анын айтымында, буга жыл башынан бери инвесторлордун укугун коргоо боюнча кабыл алынган жарлыктар өбөлгө болгон. Буга кошумча, ал: «2020-жылы пандемиядан улам инвестициянын көлөмү 35%га төмөндөгөн. Ошондой эле бул жылы КРдан кеткен инвестициянын көлөмү **9%га кыскарды**», – деди ал.

> Анын айтымында, Түркия Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча экинчи орунду (биринчиде Кытай) ээледи. Биринчи жарым жылдыкта инвестициялардын суммасы **62 млн доллардан** ашты.

Эске сала кетсек, өткөн аптада экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйыны, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын 300дөн ашык компаниясынын катышуусунда бизнес-форум өткөн.