Жылдын биринчи жарымында КРга 321 млн долларлык инвестиция келген

Жылдын биринчи жарымында КРга 321 млн долларлык тикелей инвестиция келген, көрсөткүчтөр эки эсеге, тагыраак айтканда, 95.4%га көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда пресс-конференцияда Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, буга жыл башынан бери инвесторлордун укугун коргоо боюнча кабыл алынган жарлыктар өбөлгө болгон. Буга кошумча, ал: «2020-жылы пандемиядан улам инвестициянын көлөмү 35%га төмөндөгөн. Ошондой эле бул жылы КРдан кеткен инвестициянын көлөмү 9%га кыскарды», – деди ал.

Анын айтымында, Түркия Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча экинчи орунду (биринчиде Кытай) ээледи. Биринчи жарым жылдыкта инвестициялардын суммасы 62 млн доллардан ашты.

Эске сала кетсек, өткөн аптада экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйыны, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын 300дөн ашык компаниясынын катышуусунда бизнес-форум өткөн.