> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл-чарба техникаларына бюджеттен 540 млн сом акча бөлүнгөн
- URL: https://im.kg/all/2021/09/15/ajyl-charba-tehnikalaryna-bjudzhetten-540-mln-som-akcha-b-l-ng-n/
- Published: 2021-09-15T16:39:05.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл-чарба лизинг техникаларына бюджеттен 539 млн сом акча бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков [Биринчи Радио](https://www.facebook.com/1Radiokg/videos/114744610850197/)догу түз эфирдеги маегинде айтты.**

Анын берген маалыматына ылайык, жыл башында февраль айында техникалар үчүн бюджеттен **539 млн сом** акча бөлүнгөн. Ал дээрлик толугу менен **өздөштүрүлгөн**. Жакынкы убакта дагы **426 млн сом** акча каралашы күтүлүүдө.

> «Тамчылатып жана жамгырлатып сугара турган шаймандарды 5 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шарт менен лизингге алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат», – деди министр. 

Андан тышкары, ал жылдын башында КРда 139 үрөн чарба болгонун, бирок тандалып отуруп 93 үрөн чарба калганын жана аларга КРгы айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү, камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер жүктөлгөнүн да кошумчалады. 

> Анын берген маалыматына таянсак, быйыл **473 гектар** жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинде 250сү буудай. Дан эгиндеринин жыйналуусу 87%ды түзөт. 

Белгилей кетсек, ушул эле маегинде министр 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналганын, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз экенин [айткан.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/15/byjyl-dan-eginderi-35-ga-az-zhyjnaldy-ministr-bildirdi/)