Айыл-чарба техникаларына бюджеттен 540 млн сом акча бөлүнгөн
Айыл-чарба лизинг техникаларына бюджеттен 539 млн сом акча бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Биринчи Радиодогу түз эфирдеги маегинде айтты.
Анын берген маалыматына ылайык, жыл башында февраль айында техникалар үчүн бюджеттен 539 млн сом акча бөлүнгөн. Ал дээрлик толугу менен өздөштүрүлгөн. Жакынкы убакта дагы 426 млн сом акча каралашы күтүлүүдө.
«Тамчылатып жана жамгырлатып сугара турган шаймандарды 5 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шарт менен лизингге алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат», – деди министр.
Андан тышкары, ал жылдын башында КРда 139 үрөн чарба болгонун, бирок тандалып отуруп 93 үрөн чарба калганын жана аларга КРгы айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү, камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер жүктөлгөнүн да кошумчалады.
Анын берген маалыматына таянсак, быйыл 473 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинде 250сү буудай. Дан эгиндеринин жыйналуусу 87%ды түзөт.
Белгилей кетсек, ушул эле маегинде министр 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналганын, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз экенин айткан.