Быйыл дан эгиндери 35%га аз жыйналды – министр билдирди
2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналды, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Биринчи Радиого берген маегинде айтты.
Анын берген маалыматына таянсак, быйыл 473 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинде 250сү буудай. Дан эгиндеринин жыйналуусу 87%ды түзөт.
«Биз акыркы жылдарда өзүбүзгө жетиштүү деңгээлде азыктык буудай өндүрбөйбүз. Бул республикадагы материалдык резервдин фондусундагы азыктын көлөмү мурда 80 миң тоннанын тегереги болсо, бүгүнкү күндө республикада тендер өткөзүлүп, Россиядан сапаты жогору азыктык буудай алынып келип жатат. Болжолдуу 3 айга камсыз боло турган буудай болот», – деди министр.
Анын айтымында, өлкөдө 40 ка жакын буудай иштеткен мекеме бар, алардын ичинен 15и стабилдүү иштеп жатат. Булар менен министрлик макулдашуу түзгөн, бул жыл бою 400 миң тоннага жакын буудайды камсыз кылат дегенди билдирет. Министр Жаныбеков билдиргендей, бүгүнкү күндө ички керектөөгө зарыл болгон азык коопчулукту жаратпайт.
Эскерте кетсек, Улутстаткомдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230.7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3%га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52%га аз дан бастырылды.
Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү – 3.5%га кыскарган.