> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калк үчүн электр энергиянын тарифи жыл аягына чейин өзгөрүүсүз калат
- URL: https://im.kg/all/2021/09/15/kalk-ch-n-elektr-energiyasynyn-tarifi-zhyl-ayagyna-chejin-zg-r-s-z-kalat/
- Published: 2021-09-15T12:27:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Калк үчүн электр энергиясынын тарифи жыл аягына чейин ошол бойдон калат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

> 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбооруна ылайык, калк үчүн тарифтер **кВт/саат үчүн 0.77 сом** боюнча калат. 

Эскерте кетсек, энергияны көп талап кылуучу керектөөчүлөрдүн (**майнинг ишканалары, алтынды кайра иштетүүчү фабрикалар, куюучу заводдор, эритүүчү жана алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу ишканалар)** айрым категориялары үчүн керектүү чыгымдарды жабуу үчүн 2021-жылдан тартып электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу сунушталууда.

> «Баанын көтөрүлүшү өнөр-жай ишканаларына гана таасирин тийгизет», – деп билдирди министрлик.