Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт – министр убада берди

Жылытуу мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 15-сентябрда энергетика тармагынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулаган тегерек столдо билдирди.

Белгилей кетсек, тегерек стол коомдук уюмдардын демилгеси менен уюштурулган. Иш-чарага энергетика тармагындагы эксперттер, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышты.

Энергетика жана өнөр жай министри калкты күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында бардык иштер жасалып жатканын белгиледи.

«Кышкысын кыргызстандыктарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат. Анткени быйыл суунун аз болгондугуна байланыштуу Түркмөнстандан электр энергиясы экспорттолууда. Мындан тышкары кышка даярдык маселеси өз нугунда жүрүүдө. Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн бардык энергетикалык объектилердин жабдуулары оңдоп-түздөөдөн өттү», – деди Доскул Бекмурзаев.

Муну менен катар министр энергетика тармагын экономикалык жана чарбалык көз караш менен каралышы керектигин белгиледи.

«Энергетика тармагындагы маселелерди чечүү калктын мойнуна жүктөлбөш керек. Бул энергетиктердин иши. Маселелерди чечүү багытында жумуштар жүрүүдө. Мындан тышкары энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Мындан тышкары чакан ГЭСтерди куруу боюнча иштер башталды. Буга Талас облусундагы Бала-Саруу кичи ГЭСине Президенттин катышуусунда капсула салынганы себеп», – деди министр.