Улуттук банк тажрыйбалык такшалуудан өтүүгө 35 талапкерге тандоо жарыялайт
Улуттук банк түзүмдүк бөлүмдөрүнө тажрыйбалык такшалуудан өтүү үчүн 35 талапкерди тандоо боюнча ачык сынак жарыяланат. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.
«Жаш кесипкөйлөр» программасынын алкагында стажёрлор сынак боюнча 3 баскыч менен кабыл алынат. Биринчи баскыч – талапкерлердин документтерин кабыл алуу, ал эми экинчи баскычта талапкерлер менен кесиптик тестирлөө жүргүзүлөт. Кесиптик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кийинки баскычка өтө турган тиешелүү балл топтогон талапкерлер аңгемелешүү – үчүнчү баскычка өтүшөт. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча сынак комиссиясы Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүндө такшалуудан өтүү үчүн талапкерлерди сунуштоо боюнча чечим кабыл алат.
Окутуу программасынын алкагында стажёрлор «CAP сертификацияланган бухгалтер практик» эл аралык сертификациянын компоненттеринен болгон «Финансылык эсеп 1» жана / же «Укук» курстарынан өтүшөт. Маалымат технологиясы боюнча билими бар стажёрлор жаңыдан үйрөнүүчүлөр үчүн программалоо курстарынан өтүшөт. Аларды «Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесиптик окутуу» программасы боюнча окутуу каралган, бул программанын алкагында такшалуудан өтүүчүлөр теориялык модулдар менен катар эле коммерциялык банктарда практикадан өтүшөт.
Документтер 2021-жылдын 19-сентябрынын саат 17:00 чейин кабыл алынат. Сынакка катышуу үчүн талапкерлерге карата талаптар, алардын функционалдык милдеттери жана тиешелүү документтердин тизмеси Улуттук банктын www.nbkr.kg дареги боюнча сайтында («Ишке кабыл алуу»/ «Бош турган кызмат орундары») жайгаштырылган.