> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстан КРга 500 тонна үрөн бекер берди
- URL: https://im.kg/all/2021/09/15/zbekstan-krga-500-tonna-r-n-beker-berdi/
- Published: 2021-09-15T15:16:14.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзбекстан КРга 500 тонна бекер, калган 500 тоннасынын акчасын кийинки күздүн жыйынтыгы менен берүү шарты менен үрөн берди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков [Биринчи Радиого](https://www.facebook.com/1Radiokg/videos/114744610850197/) берген маегинде билдирди.** 

Анын айтымында, 180 миң гектар жерге 40 миң тонна үрөн керек. Анын ичинде аны жаңыртуу маселеси турат. Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен макулдашуусуна ылайык, КРнын түштүк аймагына **асыр** жана **давыр** күздүк буудайдын эки сорту келди, ал учурда республиканын аймактарына таратылып жатат.

> «Өзбекстандан келген **500 тонна үрөн 35 сом** менен берилди. Дыйкандарга кийинки жылы кайтаруу шарты менен учурдагы базар баасынан төмөн берилип жатат. Дагы Казакстан **1000 тонна** жүктөлүп жатат, жакында келет», – деди министр.