> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2020-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фонду КРнын мамлекеттик бюджетине 25 млн сом которгон
- URL: https://im.kg/all/2021/09/16/2020-zhyly-soros-kyrgyzstan-fondu-krnyn-mamlekettik-bjudzhetine-25-mln-som-kotorgon/
- Published: 2021-09-16T13:04:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылы Фонд КРнын мамлекеттик бюджетине 24.9 млн сомдон ашык которгон (КР Социалдык фондго чегерүүлөр, киреше жана башка салыктар). Бул тууралуу фонддун жылдык [отчетунда](https://soros.kg/srs/wp-content/uploads/2021/04/annual-report-2020-kg-final.pdf) айтылат.**

> Фонддун ишмердиги үчүн өлкөгө **26 жылдын ичинде 107.4 млн АКШ доллары** акысыз келип түшкөн.

2020-жылы COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүгө болсо «Сорос-Кыргызстан» КРга дээрлик **2 млн доллар** тарткан. 

COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражаттар программанын бюджетинен бөлүнгөн:

- Коомдук саламаттык сактоо – 1 120 489 доллар
- Билим берүү программасы – 209 231 доллар
- Укуктук программа – 287 005 доллар
- Маалыматтык программа – 40 000 доллар
- ЖМКларды өнүктүрүү программасы – 133 176 доллар
- «Жарандык катышуу» программасы – 37 913 доллар

Ал эми 2020-жылы Фонддун жалпы бюджети – 4 763 333 долларды түзгөн. 

> «Биз COVID-19 жана анын кесепеттери менен күрөшүүгө кошумча каражаттарды тартуу боюнча аябагандай чоң иштерди жүргүздүк. Жалпысынан 2020-жылы Ачык коом Фонддорунун резервдик ресурстарынан **1.5 млн долларды** тарттык жана биздин жеке салымдарыбызды эсепке алуу менен, «Сорос-Кыргызстан» Фонду пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө Өзгөчө фонддун алкагында 1.8 млн доллар жумшады», – деп айтылат отчетто.