> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 8 айда дээрлик 2 млрд сомго патент берилген
- URL: https://im.kg/all/2021/09/16/8-ajda-deerlik-2-mlrd-somgo-patent-berilgen/
- Published: 2021-09-16T09:41:05.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 8 айында 1 млрд 752 млн сомго 698 миң 570 патент жана 579 млн 565 миң сомго 498 миң 612 камсыздандыруу полиси берилген. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.**

Анын ичинен онлайн режиминде **1 млрд 64 млн сомго** 453 миң 342 **патент** жана **346 млн 490 миң сомго** 369 миң 55 **камсыздандыруу полиси** берилген.

Эске салсак, салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып КРнын бардык аймагында электрондук патенттерди берип баштаган.

- Электрондук патентти тариздөө ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында (СОМС) салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, ал үчүн ишмердүүлүк катталган жердеги аймактык салык органында логинди жана паролду алуу гана жетиштүү, ошону менен бирге убакыт да бир кыйла үнөмдөлөт.