> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кепилдик Фондго» Дүйнөлүк банк берген каражаттан 24 млн доллар бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/16/kepildik-fondgo-d-jn-l-k-bank-bergen-karazhattan-24-mln-dollar-b-l-n-t/
- Published: 2021-09-16T10:28:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кепилдик Фондго» Дүйнөлүк банк (ДБ) берген каражаттан 24 млн доллар бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда «Кепилдик Фонду» ААКнун башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров «Биринчи Радионун» түз эфиринде айтты.**

> «Экономика министрлиги ДБ менен 24 млн долларлык долбоорго кол койду. Негизинен Дүйнөлүк банк КРга **100 млн доллар** берип жатат, анын **24 млн доллары «Кепилдик Фондго» бөлүнөт.** Анын алкагында ишкерлерге кепилдик портфелдери берилет. Мөөнөтү келгенде бул каражатты кайра министрликке кайтарып беребиз», – деди фонддун төрагасы. 

Белгилей кетсек, «Кепилдик Фонду» 282 млн сом менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын негизги акционери болуп Улуттук банк саналат. «Кепилдик Фонду» 2 миңден ашык ишкерлерге 3 млрд сомдон жогору кепилдик берген. Учурда фонддун 17 өнөктөш банкы бар.