> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт ирригация объектилерин оңдоого 100 млн сом бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/16/km-t-irrigaciya-obektilerin-o-doogo-100-mln-som-b-l-t/
- Published: 2021-09-16T16:59:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинети ирригация объектилерин оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 100 млн сом бөлөт**. **Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.** 

Үстүбүздөгү жылдын апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын жана селдин натыйжасында талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө республикалык бюджеттен **100 млн сом** бөлүнөт. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. 

Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар алкагында дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба обьектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөт.