Өкмөт ирригация объектилерин оңдоого 100 млн сом бөлөт
Министрлер Кабинети ирригация объектилерин оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 100 млн сом бөлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын жана селдин натыйжасында талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар алкагында дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба обьектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөт.