Нью-Йорк соту «Центерранын» күнүнө 1 млн доллар өлчөмүндө КРга санкция киргизүү жөнүндөгү өтүнүчүн четке какты

Нью-Йорктун соту бир күн мурда, 15-сентябрда Centerra Gold Inc. компаниясынын күнүнө 1 млн доллар өлчөмүндө КРга санкция киргизүү жөнүндөгү өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын басма сөз кызматы билдирди.

Сот жогоруда аталган ишти кароонун алкагында, канадалык компаниянын жүйөлөрүн жана өтүнүчүн четке каккан. Сот КРнын бир дагы аракети ишкананын ишмердүүлүгүн автоматтык түрдө токтотууга негиз болуп саналбайт деп чечти.

КРнын соттору тарабынан документтерди кийинкиге калтыруу жана талап кылуу болгон эмес. Макулдашууларды денонсациялоо мүмкүн деген дооматтар Нью-Йорктун соту тарабынан автоматтык түрдө токтотууну реалдуу, практикалык түрдө бузууга чейин жеткен жок.

Эскерте кетсек, «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» банкроттук тууралуу арыздары канааттандырылган. Нью-Йорктун Түштүк райондук соту 8-июнда ишканаларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, аларды сотко берүүгө жана мүлкүн конфискациялоого болбойт деген чечим чыгарган. Ага ылайык, кен иштетүү келишимдерин бузууга же өзгөртүүгө болбойт.