> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарандар эми мобилдик тиркеме аркылуу башкы прокуратурага кайрылса болот
- URL: https://im.kg/all/2021/09/16/zharandar-emi-mobildik-tirkeme-arkyluu-bashky-prokuraturaga-kajrylsa-bolot/
- Published: 2021-09-16T11:08:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жарандардын укуктук аң-сезимдерин жогорулатуу максатында Башкы прокуратура тарабынан практикалык кеңештер камтылган «Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу БПнын маалымат кызматы билдирди.**

«Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси коомчулуктун суроо-талаптарын эске алуу менен жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүгө жана прокуратура органдарына кайрылууга ыңгайлаштырылган.

Тиркеме аркылуу:

- Күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүү
- Үй-бүлөлүк маселелер
- Мүлктүк талаш-тартыштар
- Пособие, пенсия дайындоо
- Бийлик органдарынын милдеттери боюнча көйгөй жараткан маселелерди окуп, түшүнүп алса болот.

Андан сырткары, электрондук кабылдама да бар. Эгерде кайсы бир кызматкерге арыздар болсо, аны түз жөнөтүүгө да мүмкүнчүлүк каралган.

> Аталган мобилдик тиркемени Play market платформасынан жана КРнын Башкы прокуратурасынын [**www.prokuror.kg**](http://www.prokuror.kg/?fbclid=IwAR1vmZ0sSwHzTbvqp2GSgYlPfTSSKbhMITEliTaEt9hnMDLcejzVvkXAOj4) расмий сайтынан көчүрүп алууга болот.

«Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «КРда укук үстөмдүгү – 2-чи фаза» Программмасынын көмөктөшүүсү менен ишке ашырылды.