Жарандар эми мобилдик тиркеме аркылуу башкы прокуратурага кайрылса болот
Жарандардын укуктук аң-сезимдерин жогорулатуу максатында Башкы прокуратура тарабынан практикалык кеңештер камтылган «Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу БПнын маалымат кызматы билдирди.
«Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси коомчулуктун суроо-талаптарын эске алуу менен жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүгө жана прокуратура органдарына кайрылууга ыңгайлаштырылган.
Тиркеме аркылуу:
- Күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүү
- Үй-бүлөлүк маселелер
- Мүлктүк талаш-тартыштар
- Пособие, пенсия дайындоо
- Бийлик органдарынын милдеттери боюнча көйгөй жараткан маселелерди окуп, түшүнүп алса болот.
Андан сырткары, электрондук кабылдама да бар. Эгерде кайсы бир кызматкерге арыздар болсо, аны түз жөнөтүүгө да мүмкүнчүлүк каралган.
Аталган мобилдик тиркемени Play market платформасынан жана КРнын Башкы прокуратурасынын www.prokuror.kg расмий сайтынан көчүрүп алууга болот.
«Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «КРда укук үстөмдүгү – 2-чи фаза» Программмасынын көмөктөшүүсү менен ишке ашырылды.