«Бакай Банкка» алтынды алып, кийин аффинаждоо операциясына уруксат берилди
Улуттук банк андан ары аффинаждык заводдордо тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн КРда баалуу металлдарды сатып алуу процессин текшерүүгө «Бакай Банк» ААК үчүн атайын жөнгө салуу режимин түздү.
Регулятордун айтымында, бул режим 2021-жылдын 14-сентябрынан 2022-жылдын 13-сентябрына чейин киргизилди. Бул мезгилде «Бакай Банк» юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден жана жеке жактардан баалуу металлдарды сатып ала алат.