«Центерра» КРга айып пул салбоо боюнча соттун чечимине комментарий берди
Нью-Йорктун соту 15-сентябрда Centerra Gold Inc. компаниясынын КРга күнүнө 1 млн доллар өлчөмүндө айып пул салуу жөнүндө өтүнүчүн канааттандырган жок. Канадалык компания соттун бул чечимине комментарий берди.
«Бул чечим соттун КРнын автоматтык токтотууну бузгандыгы боюнча айыптаганын өзгөртпөйт жана автоматтык токтотуу өз күчүндө калат», – деп айтылат билдирүүдө.
«Кыргыз өкмөтү өзүнүн чектен чыккан аракеттери менен Кумтөр кенин улутташтырууну алдоо жолу менен кантип актай аларын көрсөтүүдө. Биз мындан ары да өз кызыкчылыктарыбызды жана өнөктөштөрүбүздүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык мыйзамдуу каражаттарды колдонобуз», – деп билдирди «Центерра».
Эскерте кетсек, Нью-Йорктун соту 15-сентябрда Centerra Gold Inc. компаниясынын күнүнө 1 млн доллар өлчөмүндө КРга санкция киргизүү жөнүндөгү өтүнүчүн четке каккан болчу.