> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Дастан» заводунда беларуссиялык лифттер чогултулушу мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2021/09/17/dastan-zavodunda-lift-chogultulushu-m-mk-n/
- Published: 2021-09-17T11:09:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Дастан» заводунда лифттердин монтаждык өндүрүшү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларусиядагы [элчилигинен](https://www.facebook.com/minskkgembassy.mfa.gov.kg/posts/1074677476606001) билдиришти.**

Берилген маалыматка ылайык, элчи Эрмек Ибраимов жана «Дастан» заводунун коммерциялык директору Руслан Бурангулов Могилевге барышкан. Кыргыз делегациясы «Могилевлифтмаш» ААКтын өндүрүшү жана продукциясы менен таанышып, беларусиялык ишкананын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

> «Эки тарап «Дастан» ТУК ААКсынын базасында лифттерди чогултуучу заводду түзүү, ошондой эле Беларустун экспортун колдоо үчүн финансылык механизмдерди колдонуу менен Бишкекке лифттерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты», – деп билдиришти элчиликтен.

Элчилик Беларусь тарап Бишкекте эскирген лифттерди модернизациялоо боюнча жүрүп жаткан программаларга кызыкдар экенин белгилеп, лифттерди жеткирүү боюнча кыргыз тараптын бардык сунуштарын кароого даяр экенин кошумчалады.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/belarus-lift1.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/belarus-lift1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/belarus-lift2.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/belarus-lift2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/belarus-lift3.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/belarus-lift3.jpg)