«Дастан» заводунда беларуссиялык лифттер чогултулушу мүмкүн

«Дастан» заводунда лифттердин монтаждык өндүрүшү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларусиядагы элчилигинен билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, элчи Эрмек Ибраимов жана «Дастан» заводунун коммерциялык директору Руслан Бурангулов Могилевге барышкан. Кыргыз делегациясы «Могилевлифтмаш» ААКтын өндүрүшү жана продукциясы менен таанышып, беларусиялык ишкананын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«Эки тарап «Дастан» ТУК ААКсынын базасында лифттерди чогултуучу заводду түзүү, ошондой эле Беларустун экспортун колдоо үчүн финансылык механизмдерди колдонуу менен Бишкекке лифттерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты», – деп билдиришти элчиликтен.

Элчилик Беларусь тарап Бишкекте эскирген лифттерди модернизациялоо боюнча жүрүп жаткан программаларга кызыкдар экенин белгилеп, лифттерди жеткирүү боюнча кыргыз тараптын бардык сунуштарын кароого даяр экенин кошумчалады.