> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги экономиканын акырындык менен калыбына келип баштаганын билдирди
- URL: https://im.kg/all/2021/09/17/ekonomika-ministrligi-ekonomikanyn-akyryndyk-menen-kalybyna-kelip-bashtaganyn-bildirdi/
- Published: 2021-09-17T16:41:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:54:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика министрлиги 2020-жыл улуттук экономика үчүн оңой жыл болбогонун, ал экономикалык өсүштүн терс тенденциясы (-8.6%) менен аяктаганын маалымдайт.**

> Апрелден баштап ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык активдүүлүк акырындык менен калыбына келе баштады, алар:

- жеке адамдардын өлкөгө акча которууларынын агымы **21.8%га** көбөйгөн. 2020-жылдын январь-июлундагы 1.2 млн доллардан 2021-жылдын январь-июлунда **1.5 млрд долларга** чейин жеткен
- дүң соода **11.1%га өсүп**, жеке керектөөнүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн
- тейлөө секторуна (**5.6%га өсүш**) жана жалпысынан курулуш секторуна (терс динамиканын төмөндөшү) **оң таасирин** тийгизген.

Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын колдоо куралдары экономикага кредиттердин өсүшүн жогорулатууга мүмкүндүк берген (**8 айда 7.6% га**). Кредиттөөнүн негизги бөлүгү экономиканын пандемия учурунда эң көп жабыр тарткан секторлоруна багытталган жана чоң минус болгон – өнөр-жай ишканалары **13.7 млрд сомго**, тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалар **50.9 млрд сомго** кредит алышкан.