Экономика министрлиги экономиканын акырындык менен калыбына келип баштаганын билдирди

Экономика министрлиги 2020-жыл улуттук экономика үчүн оңой жыл болбогонун, ал экономикалык өсүштүн терс тенденциясы (-8.6%) менен аяктаганын маалымдайт.

Апрелден баштап ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык активдүүлүк акырындык менен калыбына келе баштады, алар:

  • жеке адамдардын өлкөгө акча которууларынын агымы 21.8%га көбөйгөн. 2020-жылдын январь-июлундагы 1.2 млн доллардан 2021-жылдын январь-июлунда 1.5 млрд долларга чейин жеткен
  • дүң соода 11.1%га өсүп, жеке керектөөнүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн
  • тейлөө секторуна (5.6%га өсүш) жана жалпысынан курулуш секторуна (терс динамиканын төмөндөшү) оң таасирин тийгизген.

Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын колдоо куралдары экономикага кредиттердин өсүшүн жогорулатууга мүмкүндүк берген (8 айда 7.6% га). Кредиттөөнүн негизги бөлүгү экономиканын пандемия учурунда эң көп жабыр тарткан секторлоруна багытталган жана чоң минус болгон – өнөр-жай ишканалары 13.7 млрд сомго, тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалар 50.9 млрд сомго кредит алышкан.