Кытай Кыргызстанга 100 млн долларлык колдоо көрсөтүүгө даяр
Кытай өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого Кыргызстанга 650 млн юань (100 млн долларга жакын) бөлүүгө даяр. Бул тууралуу, 16-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ван И КЭР өкмөтү коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 млн доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди.
Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.