Литва венгриялык Wizz Air авиакомпаниясы менен Вильнюс – Бишкек түз аба каттамын ачууну көздөөдө
Литва тарап венгриялык Wizz Air авиакомпаниясы менен Вильнюс – Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесин кароодо. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Литва тараптын өтүнүчү боюнча ЛРнын Алматы шаарындагы Башкы консулу Гвидас Керушаускасты кабыл алуу учурунда белгилүү болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө литвалык дипломат учурда литвалык тарап венгриялык Wizz Air авиакомпаниясы тарабынан Вильнюс – Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесин карап жатканын айтты.
Ошондой эле тараптар эл аралык уюмдардагы шайлоолордун алкагында өз ара колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты. Тактап айтканда, министрдин орун басары Мадмаров 2023-2025-жылдар мезгилине БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө КРнын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.
Мындан тышкары, Мадмаров Литванын жогорку деңгээлдеги делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрында КРда пландаштырылган ЕБ – БA биринчи экономикалык форумуна чакырды.
Башкы консул 2021-жылдын октябрында Литва Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Васюлистин Бишкекке боло турган иш сапары тууралуу маалымдап, литванын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрүүнү жана Кыргызстандын экономикалык ведомстволору менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин илгерилетүү максатында бир катар жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатканын билдирди.