> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто текстиль фабрикасын ачуу пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2021/09/17/oshto-tekstil-fabrikasyn-achuu-plandaluuda/
- Published: 2021-09-17T12:38:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов иш сапары менен Кара-Суу районуна барганда, ал райондун тургуну текстиль фабрикасын ачууну пландап жатканын айтып, фабрика үчүн жер бөлүп берүү боюнча кайрылган. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.**

> «Учурда ишкерге Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн **5 гектар жер бөлүнүп**, аны трансформациялоо жана документ иштери аяктап калды», – деди Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, ал Ош облусунда жаңы өндүрүш мекемелерин ачуу, ишкерлерди колдоо жана инвестиция тартуу жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады.